Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран анын жерин сатып алган адам акчасын толук бербей кеткенин айткан. Жабырлануучу шектүүгө 2023-жылдын 22-декабрында Орок айылынын 80-контур аймагынан 0,82 гектар жер тилкесин 200 миң долларга саткан. Бирок ал жер ээсине болгону 39 миң доллар берип, андан кийин жер тилкесин башка бир адамдын атына каттатып, калган сумманы төлөбөстөн из жашырган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делген киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан