Пакистан Индия менен болгон кагылышуудагы адам курмандыктарын санады

Пакистан Индия менен болгон кагылышууда 11 аскерин жоготту. Бул тууралуу Dawn порталы Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн маалыматына таянып билдирди.

Ошондой эле 78 аскер кызматкери жарадар болгон. Мындан тышкары 40 жайкын тургун, анын ичинде 7 аял жана 15 жаш бала набыт болсо, 121 адам жаракат алган.

Белгилей кетсек, Индия менен Пакистандын ортосундагы тирешүү 22-апрелде Индиянын түндүгүндөгү туристтик жайда согушкерлер тобу элге ок аткандан кийин курчуган. Анда 26 адам каза тапкан. Индия чабуул үчүн Пакистанды айыптаган.

7-майга караган түнү Индия армиясы "Синдур" аттуу аскердик операциясын баштап, Пакистандын бир катар объекттерине сокку урган. 10-майга караган түнү Пакистан Индияга каршы масштабдуу операция башталганын жарыялады. Өлкөнүн армиясы аскердик буталарды аткылап, учкучсуз учактарды колдонгон. Индия ракета учуруу менен жооп берген.

10-майда АКШ президенти Дональд Трамп Пакистан менен Индия ок атышууну токтоосуз токтотууга макул болушкандыгын жарыялады. Муну Исламабад менен Нью-Дели ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан