Трамп Кытай АКШнын товарларына өз базарын ачууга макул болгонун айтты

Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытай өз рыногун америкалык товарларга ачууга макул болду. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Арабияда өткөн инвестициялык форумда билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Кытай менен сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жетиштик. Кытай АКШга өз рыногун ачууга макул болду. Азырынча майда-чүйдөсүнө чейин макулдашуу керек", - деген ал.

Белгилей кетсек, Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында АКШ менен Кытайдын делегациялары 90 күндүк мөөнөткө өз ара бажы төлөмдөрүн сезилерлик деңгээлде кыскартууну макулдашышкан. Келишимдин алкагында Вашингтон 14-майдан тарта кытай товарларына салыкты 145 пайыздан 30га чейин, ал эми Пекин америкалык товарларга салыкты 125ден 10 пайызга чейин төмөндөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан