АКШнын президенти Дональд Трамп Сирияга каршы санкцияларды алып салууга буйрук берерин билдирди.
"Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Сириядагы кырдаалды талкуулагандан кийин аларга мүмкүнчүлүк берүү үчүн Сирияга каршы санкцияларды алып салууга буйрук берем", - деген ал Сауд Арабиядагы сапары учурунда.
Трамп Вашингтон азыртан эле Сирия менен мамилени жөнгө салуу боюнча кадамдарды жасап жатканын жана ушул жуманын аягында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Түркияда Сириянын тышкы иштер министри менен жолугушарын белгиледи.