Өзбекстандын жарандары 1-июндан тарта Кытайга визасыз бара алышат. Бул тууралуу өзбек басылмалары өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жазышууда.
Маалыматка ылайык, эки мамлекет ортосундагы виза режимин алып салуу келишими ушул жылдын 1-июндан тарта күчүнө кирет. Анда Өзбек жана Кытай жарандары кирип-чыгуу жана транзит визаларынан бошотулушат. Бирок ар бир кирген учурда өлкөдө 30 күндөн ашык жүрө албайт, 180 күн ичинде 90 күндөн көп калууга болбойт деген эрежелер камтылган.
Аталган виза тартибин жөнөкөйлөштүрүү тууралуу чечим 2023-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга иш сапары менен барган учурда макулдашылган.
Белгилей кетсек, апрель айында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз кирип-чыгуу режимин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан болчу.