Караколдо менчиктештирилип кеткен соода базасы мэрияга өткөрүлдү (видео)

Жалпы аянты 2,5 гектар болгон "Каракол дүң жана чекене соода базасы" Каракол шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда УКМКдан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 2000-жылы Ак-Суу районунун акиминин чечими менен Гебзе көчөсү-200 дарегиндеги жер тилкеси "Каракол" соода базасына бекитилип берилген. Мындан тышкары, 2001-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын дагы бир токтому менен жер тилкесинин аянты "мурдагы чечимдеги техникалык ката" деген жазуу менен 2,52 гектарга чейин көбөйтүлгөн.

Атайын кызмат тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган база ыктыярдуу негизде Каракол шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилгендигин белгиледи.

Мамлекетке кайтарылган жер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан