Адам өлтүрүүгө айыпталып камакка алынган британиялык Питер Салливан 40 жылдай абакта отургандан кийин, күнөөсүз деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Андагы маалыматтарга караганда, аталган жарандын иши боюнча жаңы далилдер табылып, сот өкүмү апелляциялык тартипте жокко чыгарылган. Кол салуу болгон жерде табылган ДНК издери башка белгисиз адамга тиешелүү экени далилденген.
Мындан 39 жыл мурда, тагыраагы 1986-жылы 21 жаштагы кыз Англиянын Беркхенде шаарында зордукталып, өлтүрүлгөн. Аталган окуяга шектүү катары Питер Салливан кармалып, сот аны күнөөлүү деп тапкан. Ал зордуктоо жана адам өлтүрүүгө айыпталып жалпы 38 жыл түрмөдө отурган.
Аталган соттук чечим Британиянын тарыхындагы эң узакка созулган адилетсиздик болуп калды.