Ош-Эркештам унаа жолунда бир нече жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыгы катталды.
Социалдык желелерге тараган видеодо бир нече унаалар талкаланып, адамдар жардан ылдый кулаган жаранды аркандын жардамы менен алып чыгып жаткандыгын байкоого болот. Анда кырсык кечээ, 13-майда орун алгандыгы айтылды.
Окуя боюнча учурда тийиштүү кызматтар расмий маалымат берише элек.