Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Алайдагы жолду кеңейтүү үчүн бузулуу алдында турган үйлөр тууралуу маселе көтөрдү.
Эл өкүлүнүн айтымына караганда, 3 айылдагы үйлөрдүн 90-95 пайызы жолдорду кеңейтүү максатында буздурулганы жатат.
"Жакында Алайга барып келдим. Тилектеш айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи Май, Кең-Жылга, Тогуз-Булак айылдарындагы үйлөрдүн 90-95 пайызы бөрк ал десе баш алгандардын айынан бузулуу алдында турат. Ал тоонун боорундагы айыл, Ош-Бишкек жолу эмес. Эмне үчүн ошол жердеги үйлөрдүн баарын бузабыз деп жатышат? Азыркы 6 метр жолду 26 метр кылышат экен. Мындай болсо ал жакта үй калбайт. Бузганы үчүн кенемте төлөбөсө же жер бербесе, эл эмне кылат?", - деди депутат.
Акаев президенттин парламенттеги өкүлүнө маселени тезинен чечүү үчүн тапшырма берүү керектигин эскертти.