
Өлкө аймагында 16-17-май күндөрү ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМдин басма сөз кызматы эскертип, чукул билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө аталган күндөрү күндүн табы +35...+40 градуска чейин жетет. Ал эми Талас жергесинде +33...+38 градус болушу күтүлөт.
"Мындай ысык аба ырайында сууну көп ичүү сунушталат. Ал эми ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылуу керек. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарыңыз", - деп билдирди министрлик.