
Бүгүн, 14-майда Бишкекте өспүрүмдү сүзүп изин жашырып кеткен жигит кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, окуя 13нөн 14-майга караган түнү саат 03:00 чамасында Курманжан Датка көчөсүндө орун алган. Анда шектүү пикир келишпестиктен улам 2008-жылы туулган А.У. аттуу жашы жете элек өспүрүмгө бычак сайып, аны Хундай Соната үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесине (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада 2007-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Айта кетсек, буга чейин өспүрүмдү сүзгөн окуянын видеосу тарап, унаанын айдоочусу изделип
жаткан.