Жаңы Рим папасы Лев XIV дүйнөдөгү чыр-чатактарды жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Vatican News жазды.
Ал Ватикан согушуп жаткан өлкөлөрдүн лидерлеринин бетме-бет жолугушуп, сүйлөшүүсү үчүн бардык аракеттерди жасоого даяр экенин билдирген. Рим папасы мындай кадамдар чыңалууну басаңдатып гана койбостон, жаңжал болуп жаткан аймактардын тургундарынын коопсуздукка жана ынтымакка болгон үмүтүн калыбына келтирерин айтып, куралдуу кагылышуулар көйгөйлөрдү чечпестен, тескерисинче курчутарын баса белгилеген.
"Эл тынчтыкты каалайт, мен лидерлерге айтарым: келгиле, жолугушалы, талкуулайлы, макулдашалы!" деген Лев XIV.
Белгилей кетсек, ал Рим папасы болуп 8-майда шайланган. Ага чейинки Рим папасы Франциск 21-апрелде 88 жашында көз жумган.