Депутат Алымбек датканын чөбүрөсү Кыргызстандын жарандыгын ала албай жатканын айтты (видео)

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев Алымбек датка менен Курманжан датканын чөбүрөсү Кыргызстандын жарандыгын ала албай жатканын билдирди.

Ал кезинде датканын уулу Абдылдабек Ооганстанда каза тапканын, бирок анын жүрөгү Алайга алынып келинип көмүлгөнүн эске салды.

"Абдылдабектин Түркиядан аскер окуу жайын окуп келген небереси бар экен. Ага жардам берүүнү Адыгине уруусунун өкүлдөрү суранып жатышат. Ушундай тектүү адамдын урпагы Кыргызстанда турганы жакшы болмок", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 14.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан