Түгөлбай Казаков КМШнын "Шериктештиктин жылдыздары" сыйлыгынын лауреаты болду

Кыргыз Эл артисти, коомдук жана мамлекеттик ишмер Түгөлбай Казаков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) башкы гуманитардык сыйлыгы болгон "Шериктештиктин жылдыздары" сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясы кабарлады.

Маалым болгондой, сыйлык бүгүн, 14-майда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өтүп жаткан КМШ чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунун алкагында тапшырылган. Казаков сыйлыкка "Гуманитардык ишмердүүлүккө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн" номинациясында татыктуу деп табылган.

Аталган сыйлык 2009-жылы негизделген жана жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө гуманитардык чөйрөдөгү, дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан