Өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз-казак элине кайрылуу кылып, эки элдин ортосуна чок салгандар болуп жатканын билдирди.
Президент алар бул үчүн тарыхый окуя болгон кыргыз-казак чабышындагы эки элдин аскерин жетектешкен Кенесары хан менен Ормон ханды пайдаланып жатышканын белгиледи.
"Кечээ күнү интернет булактарына кыргыз менен казак элинин ортосуна жик салуучу мына бул видео тасма чыкты. Тилекке каршы, эки элдин эзелтен калыптанган ынтымагын көрө албай, эки ортого чок салгысы келген чагымчылар да четтен чыгып жатат. Алар адатта тарыхты бурмалоого басым жасашып, кайраштыргысы келишет. Чагымчылык арам ой аракетке оңой тема катары тандап алынган темалардын бири – он тогузунчу кылымдагы тарыхыбыздын трагедиялуу барактары, асыресе, Кенесары хандын кыргыз жерине басып кириши жана анын өлүмү менен аяктаган окуялар.
Мен көптөн бери ушул теманы козгоп, ырбаткысы келгендердин иш-аракетине байкоо салып келем. Баса белгилеп коёюн, мен тарыхыбыздын бул этабын да жакшы билем, өз алдымча далай изилдегем. Ыраматылык атам Нургожо ажы санжырачы, тарыхчы эле. Ал кишиден да көп нерсени угуп, үйрөнгөм.
Бул теманын көптөгөн фактылары Белек Солтоноев, Бегималы Жамгерчинов сындуу кыргыз тарыхчыларынын эмгектеринде да чагылдырылган. Айрыкча, Белек Солтоноев ошондогу окуялардын түздөн-түз катышуучуларынын оозунан көптөгөн маалыматтарды жазып алган. Андан сырткары Кенесары хан, Ноорузбай баатыр баштаган казак султандары менен баатырларына жолуккан күбөлөрдүн айткандарын, Ормон хан, Жантай манап, Жангарач манап, Төрөгелди баатыр сындуу кыргыз манаптары менен баатырларынын жүзүн көргөн адамдардын эскерүүлөрүн тизмелеп кеткен.
Кенесары хандын оторчулукка каршы көтөрүлгөнү талашсыз. Чыныгы баатыр болгон. Бирок кыргыз жерине кирип келгенин жана ошол аракетине жараша жооп алганын танууга болбойт. Кандуу окуялардын алдында Кененсары хандын Ормон хан менен сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну, Чүй өрөөнүндөгү бир нече жолку кыргыз-казак кырылыштары, Ормон хандын аскердик айлакерлик менен Кенесары баштаган кошуунду жеңгени ага далил.
Башкача айтканда, Ормон хан тоо менен талаанын нагыз эрлери кыл чайнаша бет келген чыныгы айкашта жоосун чындап жеңип алды. Кыянаттык кылган жок. Оболу Кенесары менен Ормондун "хандык" даражаны талашып калганы бар. Кенесарынын баш ийүү тууралуу өкүмчүл кайрылуусуна Ормон хан: "менин жашым улуу, ошондуктан хандыкты мага берсин" деген жообу тарыхый булактардан белгилүү.
Албетте, Кенесары хан Ормон хандын аскеринин аздыгын айтып, жообун четке какты. Айрымдар Ормондун "хандык" даражасына шек келтирип калышат. Аларга айтарым бул: кыргыз – байыркы эл, кыргыздын да тээ байыртадан келаткан “хан” көтөрүү салты болгон жана ал Чыңгыз ханга чейинки замандардан башталат! Ормон хандын жообуна арданган Кенесары Чүй өрөөнүндөгү кыргыз урууларына бастырып кирди. Тынч жаткан айылдарга, азыркы Токмок шаары турган жерге чейин кызыл кыргын салып келди.
"Катылгандын катыгын берүү керек" деген эреже менен жашаган Чүй эли түп көтөрүлдү. Кенесары менен Чүй кыргыздарынын кармашына кыйлага байкоо салып турган Ормон хан Токмоктун тушундагы кагылышка өзү келип катышты. Анын "Ормон опуза", "Ормон окуу" деп аталган аскердик-саясий уңгу жолу болгон жана анын бул окуусу байыркы кытай стратеги Сун-Цзынын окуусуна үндөшүп кетет. Маселен, Сун-Цзынын: "Душмандын жанында турсаң алыста тургандай көрүн, алыста турсаң жанында тургандай көрүн. Оболу душмандын катарын кол салбай туруп ыдырат. Каарданып турушса, маанайын жайгарып, текеберлигин күчөт. Жайдары жатышса, болгон кудурет-дараметин мактанып көргөзүүгө мажбурла. Бирдиктүү турушса, катарын ыдырат" деп айткан эрежелери Ормон хандын Кенесары менен чабышында колдонулгандай таасир калат.
Ошол себептен Ормон хандын бир жоокери Кенесарынын көзүнө он жоокер болуп көрүндү, аттарынын куйругуна чычырканак байлап, Шамшынын белин чаңдатып, утур айланта чапкан азганактай кол түмөн кол болуп көрүндү. Кененсары артка чегинип, Токмоктун тушундагы сазга барып такалды. Салгылашуу эч кандай аска-зоолордун арасында болгон эмес, Чүй Токмоктун түптүз саздак жеринде болгон. Кенесары ханды мына ушинтип жеңип алды. Эң кызыгы, бул видео тасмада айтылгандай, орус аскерлерин биякка кой, Балбай баатыр, Боронбай бий, Алымбек датка, ошол учурдагы Кокондогу бийликти басып алган башка кыргыз төбөлдөрү, ичкиликтин, оң менен сол канаттын ондогон баатырлары менен манаптары бул согушка катышкан эмес.
Тагыраак айтканда, аймактардан Чүйгө жардамга келгенче эле Ормондун колу жеңишке жетишкен. Анткени Кенесары хан кыска убакытта эле басып кирген болчу. Кененсары хандын башы кантип орустарга кетип калган боюнча: Кенесарынын өлүмүнө ишенбей орустардан делегация келет. Анткени Кенесары Омбудагы (азыркы Омск) орустарды дагы чаап турган. Делегация келип, Омбуга (Омскийге) алып барып изилдейли, бизге бергиле деп сурап кетишет.
Ошентип Омбуга (Омскийге), андан ары Санкт-Петербургга кеткен экен. Эми ал окуялар тарых болуп калды. Андан эми сабак гана алуубуз керек. Андай окуялардан сабак алуунун актуалдуулугу азыркы заманда ого бетер артып баратат. Бирок эки ортого чок салгысы келген чагымчылар тайыздык кылып, эсине келбей жатышканы өкүндүрөт. Көптөн бери байкап жүрөм. Эки элди бири-бирине жек көргөзүп, кагыштыргысы келген бир күч пайда болду. Антип ынтымакка доо кетиргиси келген ичи чаарлар эки элдин тең арасында бар.
Алар тарыхый фактыларды, санжыра-уламыштарды колунан келишинче мына бул видео тасмадагыдай бурмалап, кыргыздар сырткы күчтөр менен биргелешип казак элине каршы аракеттенген деген сыяктуу ойго келбеген тыянактарды чыгарып, ал ортодо бүтүндөй бир элдин атына акарат келтирип, отко май тамызгансып ушул теманы өздөрүнө ыңгайлуу өңүттөн тынбай козгоп жатышканы ойлондурат! Тарыхта кыргыздар эч качан биринчи болуп кол салган эмес.
Көчмөнчүлүк, жоокерчилик замандан бери канча суу акты, канча мезгил өттү. Азыр заман башка. Кыргыз менен казак азыркы улуттук мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо, ынтымакты бекемдөө менен алектенишибиз зарыл. Бизди кылымдардан бери келаткан жакындыгыбыз, куда-сөөктүк таттуу мамилебиз артып баратканы сыймыктандырыш керек. Мен, мисалы, сыймыктанам.
Менин төртүнчү бабам Солтонкулдун байбичеси Нооча энем казак кызы болгон, демек, мен кайсы бир деңгээлде казактын жээнимин. Өз кезегинде казак элинин арасында биздин да толтура жээндерибиз бар. Андыктан бир тууган эки элдин достугун кадырлаган кыргыз менен казактын аң-сезимдүү жана билимдүү азаматтары, айрыкча, жаштары андай чагымчыларга жем болбойт деп ишенем!
Казак-кыргыздын мыкты уул-кыздары тарыхты объективдүү изилдөөгө тап коюп, чагымчыларды тыюуга күч үрөп, түбөлүк достукту андан ары чыңдоого өз салымын кошо берет деп ишенем!" - деп жазды мамлекет башчы.
Өлкө башчы социалдык тармактагы баракчасына тиркеп, нааразы болгон видео тасма