Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай экс-президенттин жубайы Сара Назарбаеванын өлүмү тууралуу маалыматты четке какты.
"Нурсултан Назарбаевдин жубайы Сара Алпысовна ооруканада дарыланып жатат. Анын каза болгондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт", - деп жазды ал X социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин маалымат каражаттары булактарына таянып Сара Назарбаеванын каза болгонун жазып чыгышкан.
Сара Назарбаева 1941-жылы 12-февралда Караганда облусунда туулган. 1962-жылы Нурсултан Назарбаевге турмушка чыккан.