УКМК Тилекмат Кудайберген уулу тууралуу тараган маалыматтарды четке какты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тилекмат Кудайберген уулу боюнча айтылган маалыматтарды четке какты.

Буга чейин социалдык тармактарда ал Биринчи май райондук сотуна бет кап тагынып, аксаган абалда келгени тартылган видео тараган.

Атайын кызмат Кудайберген уулунун омуртка аралык өнөкөт грыжа оорусу күчөп кеткендигин, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

"Муну анын жактоочусу да тастыктап, УКМК тарабынан Кудайберген уулуна карата эч кандай физикалык күч колдонулбаганын билдирди. Бардык тергөө аракеттери өлкө мыйзамдарынын чегинде, процессуалдык нормаларды жана айыпталуучунун укуктарын сактоо менен так жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Тилекмат Куренов БАЭден кармалып, 19-апрелде өлкөгө жеткирилген. Аны 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-майга чейин камакта калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан