Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Франциянын борбору Париж шаарында кыргыз-казак айтышы өтөрүн билдирди.
Ал иш-чараны кесиптеши Шайырбек Ташиев өлкөнүн Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен биргеликте уюштуруп жатканын белгиледи.
"Кыргызстандын эртеңки келечеги үчүн тарых боло турган жаңылык айтып коёюн деп турам. Бүгүн, эртең ак таңдай акындар Парижге учканы жатат. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Парижде кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт...
Кыргыз сөзү, кыргыз тили дүйнөдө ырдалып, дүйнөдө кыргыздын комузу чертилип, кыргыз-казак достугу ырдалып турса жакшы болот деген ойдомун", - деди ал.