Франциянын түштүгүндөгү Буш-дю-Рон департаментиндеги зоопаркка чагылган тийип, 13 адам жабыркаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, Германиядан барган аял оор абалда. Жабыркагандардын ичинде 4 бала бар. Кырсыктан бир дагы жаныбар жана зоопарктын инфраструктурасы жабыркаган эмес. Чагылган жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө түшкөн.