Путин менен Зеленский Стамбулга сүйлөшүүгө ким барарын чечти

Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүлөргө катыша турган орус делегациясынын курамын бекитти. Документти Кремлдин басма сөз кызматы жарыялагандыгын жергиликтүү маалымат каражаттары бүгүн, 15-майда билдирди.

Маалымдалгандай, делегацияны Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Сүйлөшүүлөргө аны тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Армиянын башкы штабынын башчысы Игорь Костюков жана Коргоо министринин орун басары Александр Фомин коштоп барат.

Документте орус президентинин өзү тууралуу сөз жок.

Бул арада Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин буйругуна ылайык, Киевдин атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө президенттик аппараттын жетекчиси Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига жана коргоо министри Рустем Умеров ыйгарым укуктарды алышты.

Айта кетсек, буга чейин Путин Украина бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Ал эми Киев алгач ок атышууну 30 күнгө токтоткон соң гана тынчтык сүйлөшүүсү орун ала тургандыгын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан