Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "102" тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү. Түрдүү эмоцияларга жана күтүүсүз бурулуштарга бай тасманын режиссёру Сапар Сайназаров.
Тасма тартуучулардын айтымында, кинодо милиция кызматкерлеринин жашоосун жана махабаты баяндалат.
"Тасманы тартуу иштери 17-февралда башталган. Эки күн мурда монтаждалып бүттү.
Кинодо эң кыйын болгону тасманын акыркы мүнөттөрүндө аквариум бар. Ошону жасай албай, беш жолу съемкабыз болбой калды. Буга эле бир ай убактыбыз кетти", - дейт Сайназаров.
Репортажды толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.