
Нарында 12-майда болгон
жер титирөөдө Ак-Талаа районунда дагы 21 үйдүн дубалынан жарака кеткени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Алар төмөнкү айылдарда катталды:
- Тоголок-Молдо айыл аймагындагы Жаңы-Талап айылында 1;
- Ак-Кыя айылында 5;
- Кадыраалы айылында 1;
- Кара-Ой айылында 2;
- Ак-Тал айылында 10;
- Баетов айыл аймагындагы Баетов айылында 1;
- Байгончок айылында 1 турак үй.
14-майда аталган райондо 99 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалынан жарака кеткени аныкталган
болчу.
Билдирүүгө ылайык, комиссия тарабынан 116 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 бала бакча, 1 китепкана жана 1 дүкөн кароодон өткөрүлдү.
Эске салсак, Нарын облусунун аймагында 12-майда күчү 4 балл жана экинчи ирет 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.