Бишкек шаарында дрондун жардамы менен жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочулар аныкталууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эреже бузгандар заманбап техникалар менен текшерилип, жол кырсыктарын жана жол тыгындарын алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө.
"Ар бир айдоочуну жол кыймылынын эрежесин жана жол тартибин сактоого чыкырабыз", - деп билдирди мекеме.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда айдоочуларга дрондор менен байкоо жүргүзүлүп жатканы айтылган эле.