Бишкекте банк кызматкерлеринин интеллектуалдык таймашы өттү (фото)

Кыргызстандагы Улуттук валюта жана Банк кызматкерлер күнүнө карата "Банктар аралык процессинг борбору" ААКсы («Элкарт» Улуттук төлөм системинин оператору жана ELQR негизги өз ара аракеттенүү оператору) каржы тармагынын өкүлдөрү үчүн салтка айланган "Акыл таймаш–QUIZ–2025" интеллектуалдык оюнун өткөрдү.

Иш-чара катышуучулар тарабынан чоң колдоого алынды. Бул сынак кесипкөй адистерди жумуштан сырткары интеллектуалдык жана достук маанайдагы чөйрөдө да жакындатаарын дагы бир ирет далилдеди. Аталган акыл таймашка өлкөнүн алдыңкы финансы-кредит мекемелеринен 90га жакын адис катышты.

Иш-чараны ачып жатып, "Банктар аралык процессинг борборунун" төрайымынын орун басары Дамира Сулаймановна Абдурахманова кесиптештерин майрамы менен куттуктады.

"Бул демилге үчүнчү жыл катары менен өткөрүлүп келет жана ал максатташ адистерди бириктирүүчү уникалдуу платформага айланды. Мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга гана түрткү бербестен, жаңы идеяларга, жетишкендиктерге дем берет.

Жигердүүлүгүңүздөр, кесипке берилгендигиңиздер жана стандарттуу чектен чыгууга даяр болгонуңуздар үчүн ыраазычылык. Баарыңыздарга ийгиликтүү жана таза оюн каалайм. Күчтүү команда жеңишке жетсин, бирок чыныгы утушка баары татыктуу!", - деди ал.

Оюндун жүрүшү жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар финансы, маданият, музыка, география, тарых жана технология сыяктуу темаларда суроолорго жооп берип жатышты. Финал достук маанайда аяктап, залдагы коноктор алып баруучу менен кошо ырдап, бийлеп, позитивдүү эмоцияларга бөлөнүштү.

Акыл таймаштын жыйынтыгында орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • I орун«О!Банк» ААК (O!Bank) командасы
  • II орун «Айыл Банк» ААК (ABTeam) командасы
  • III орун «Толубай» АКБ командасы

"Банктар аралык процессинг борбору" жеңүүчүлөрдү куттуктайт жана бардык катышуучуларга оюн, командалык маанай жана интеллектуалдык өсүүдөгү каалоолору үчүн ыраазычылык билдирет!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан