SUPER.KG порталынын журналисти Мароккодогу дүйнөлүк конгресске катышууда

SUPER.KG порталынын кабарчысы, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын мүчөсү Азат Бейшенбеков Марокконун борбору Рабат шаарында өтүп жаткан спорт журналисттеринин дүйнөлүк конгрессине катышууда.

87-ирет өтүп жаткан бул конгресске дүйнөнүн 96 өлкөсүнөн 200дөн ашык спорт журналисттери, ассоциациянын өкүлдөрү катышууда. Конгрессте ФИФА, УЕФА, АФК сыяктуу дүйнөлүк уюмдар, Эл аралык дзюдо федерациясы презентация жасашты.

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино конгресстин катышуучуларына видео кайрылуу жасап, спорт журналисттеринин спорттогу орду маанилүү экенин белгилеп, ФИФА журналисттер менен ар дайым кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) президенти Томас Бах дагы конгресстин катышуучуларына кайрылуу жасап, журналисттерге ийгилик каалап өттү.

13-майда башталган дүйнөлүк конгресс 17-майда аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан