Украина башчысы Владимир Зеленский бүгүн, 15-майда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарына барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Зеленскийди "Эсенбога" эл аралык аэропортунан Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига жана башка расмий өкүлдөр тосуп алды.
Эске салсак, буга чейин Путин Украина бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Ал эми Киев алгач ок атышууну 30 күнгө токтоткон соң гана тынчтык сүйлөшүүсү орун ала тургандыгын билдирген эле. Бирок Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленскийди Орусия менен Стамбулда сүйлөшүүгө токтоосуз макул болууга чакырып, билдирүү кылган. Аталган билдирүүдөн кийин Зеленский Стамбулда Путинди күтөөрүн айткан болчу.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын Түркияда өтө турган сүйлөшүүлөрүнө катышпай турганын кечээ жергиликтүү басылмаларга билдирген. Анын себеби ачыкталган эмес. Буга чейин АКШнын лидери Стамбул шаарында өтө турган Орусия-Украина сүйлөшүүсүнө катышып калышы мүмкүн экенин айткан эле.