Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетерин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал кайрылуусунда 43 жыл мамлекеттик кызматта иштегенин белгилеген.
"Кадырман калайык калк! Мен ушул жылдын 8-апрелинде 65 жашка чыктым. 43 жыл мамлекеттик кызматта болдум. Мыйзамды туу тутуп, үлгү көрсөтүп орунду бошотуп жатам. Жаңы адамдар келсин!
Президент менен эриш-аркак өтө сый-урмат менен иштешкениме миң мертебе ыраазымын! Бүгүн президентке кайрылуу киргиздим. Ыраазычылыгын сурадым", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Касмамбетов мамлекеттик катчы болуп 2021-жылы октябрь айында дайындалган.