Аптаптуу ысыкта иш убактысына атайын чектөө каралганбы?

Эмгек кодексине ылайык, ысык аба ырайында иш убактысына атайын чектөө каралбайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Эмгек министрлиги эскертти.
Эмгек мыйзамдарына ылайык, иш берүүчү коопсуз жана ден соолукка зыян келтирбеген эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.
"Эгерде эмгек укуктарынын бузулушу же кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган жагдайлар пайда болсо, эмгек инспекция органдарына кайрылуу сунушталат", - деп эскертти министрликтен.
Айта кетсек, буга чейин ӨКМ өлкө аймагында 16-17-май күндөрү ысык аба ырайы күтүлөрүн эскерткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан