АКШнын президенти Дональд Трамп Экинчи дүйнөлүк согушту жеңген Вашингтон экенин айтты. Чет элдик басылмалар ал бул тууралуу Катардагы Аль-Удейд авиабазасында сүйлөп жатып билдиргенин жазышты.
"Биз Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жеткиргендерден болдук. Калган өлкөлөр жардам беришкен. Бизсиз баары немисче жана бир аз япончо сүйлөп калышмак", - деген ал.
Трамп буга чейин да Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүүдө башка өлкөлөргө караганда Кошмо Штаттардын салымы көбүрөөк экенин жазган.