Мушкер Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларындагы кезектеги беттешин утту

Кыргызстандык мушкер, украиналык “Украинские атаманы” жарым профессионалдык бокс клубунун мүчөсү Азат Усеналиев 11-январда Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларындагы кезектеги беттешин утту. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын расмий сайты билдирет.   

Маалыматка ылайык, 11-январда “Украинские атаманы” клубу Алжирге барып, жергиликтүү клуб менен беттеш өткөрдү. Анда 5 беттеш орун алып, анын 4үндө украиналык клубдун мушкерлери жеңип чыкты (жалпы эсеп 4:1).

Клубдар аралык беттеш алкагында 52 килограмм салмакта Азат Усеналиев алжирлик Амин Хентачиге каршы туруп, упай айырмачылыгында жеңишке жетишти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uson.abdullov
2014-01-13 10:11:39
алга Азат
0
neymar.kg
2014-01-13 12:03:28
Браво браво азаматсын онорун оркундой берсин.алга алга Азамат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан