Президенттик администрациядан коргоо министринин милдетин аткаруучусу болуп Руслан Мукамбетов дайындалганын маалымдады.
Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Эми анын аталган министрликке талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Мукамбетов буга чейин коргоо министринин биринчи орун басары болчу.
Ал эми министр Бактыбек Бекболотов коопсуздук кеңешинин катчысы болуп бекиди.