Ак-Буура дарыясынан өспүрүм бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-майда 112 кызматына Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы тушунан дарыяга болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Жерине дароо 8 куткаруучу, 5 милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле издөө иштерине туугандарынан 4 адам кошулган.
ӨКМ кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулганын, кошумча маалымат берилерин белгиледи.