Аномалдуу ысыктан кантип сактануу зарыл?

Кыргызстандын аймагында 16-17-май күндөрү ысык аба ырайы күтүлүүдө. Бул күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүн табы +35...+40 градуска чейин жетет. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарга аномалдуу ысыктан коргонуу эрежелерин сунуштады.
Министрлик кыргызстандыктарды бул күндөрү саат 11:00–16:00 аралыгында күндүн нурунан оолак болууга чакырды. Мындан сырткары:
  • Жеңил, табигый материалдан тигилген кийим, баш кийим кийиңиз;
  • Кыймылды азайтыңыз;
  • Суюктукту көбүрөөк ичиңиз (муздак эмес);
  • Жемиш-жашылчаларды көбүрөөк жеңиз;
  • Кондиционер/вентилятор колдонуңуз (түз багытта эмес);
  • Сууга чайканып же суу сүлгү менен денеңизди сүртүңүз;
  • Кан басымыңызды жана кандагы кант деңгээлин текшериңиз (дарыңызды унутпаңыз);
  • Балдарга арык же фонтан суусун ичпөөнү түшүндүрүү керек;
  • Өзүңүздү жаман сезсеңиз — дароо дарыгерге кайрылыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан