Бүгүн, 16-майда Ош шаарынын Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланы издөөгө 254 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, издөө иштерин 9 куткаруучу, ИИМдин ички аскерлеринен 209 кызматкер, туугандарынан 24 адам жүргүзүүдө. Ага байланыштуу саат 09:30дан тарта Ак-Буура дарыясына суу берүү Папан суу сактагычы тарабынан убактылуу токтотулат.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-майда Ак-Буура дарыясына болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги айтылып, издөө иштери
башталган.