Орусия менен Украинанын Түркияда өтө турган сүйлөшүүсү бүгүн, 16-майда болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Орусия менен Украинанын делегациялары 15-май күнү Стамбул шаарына барышкан. Учурда эки тараптын жолугушуусу кайсы жерде өтө турганы маалым эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин Путин Украина бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Ал эми Киев алгач ок атышууну 30 күнгө токтоткон соң гана тынчтык сүйлөшүүсү орун ала тургандыгын билдирген эле. Бирок Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленскийди Орусия менен Стамбулда сүйлөшүүгө токтоосуз макул болууга чакырып, билдирүү кылган. Аталган билдирүүдөн кийин Зеленский Стамбулда Путинди күтөрүн айткан болчу.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ, 15-майда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарына барган. Бирок Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү басылмаларга маек берип, Владимир Путиндин Түркиядагы сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген.