Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө, өзгөчө Кытай, Таиланд жана Сингапурда COVID-19 оорусу акыркы айларда тездик менен өсүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Сингапурдун Саламаттыкты сактоо министрлиги бир жыл ичинде COVID-19 менен ооругандар тууралуу маалымат жарыялап, май айынан тарта вирус 28 пайызга көбөйгөнүн жана 14 миңден ашуун учур катталганын билдирген.
Ал эми Кытайдын Гонконг аймагынын саламаттыкты сактоо кызматкерлери эпидемиянын жаңы толкуну башталганын билдирип, март айынан бери аталган оору менен ооругандардын саны 11 пайызга өскөнүн кабарланан.
"Өлкөдө тарап жаткан вирус мурункуга караганда жугуштуураак же оору кыйын өтүшү мүмкүн деген негиздер жок", - деп билдирүү жасаган Кытайдын Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Ошондой эле аталган вирус менен ооругандар Таиланд менен Бангкокто да акыркы айларга салыштырмалуу көп каттала баштаган.