Ысык-Көлдө Сот департаментинин жетекчисинин диплому жасалма экендиги аныкталды

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси М.К. жасалма диплом менен иштеп жаткандыгы аныкталды. Бул туурасында бүгүн, 16-майда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка таянсак, сот кызматкери 2005-жылдан бери аталган системде иштеп, жумушка орношууда Ички иштер министрлигинин Алиев атындагы академиясын бүтүргөндүгү тууралуу дипломун берген. Бирок ал 2003-жылы 5-курста окуу акысын төлөбөгөндүктөн окуудан чыгарылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында М.К. кармалып, Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан