
Баткенде айыл чарба багытындагы жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, 2012-жылы Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары "Полевой стан" айыл чарба кооперативин жоюп, жерди трансформациялоонун жол-жоболорун бузуу менен Арка тилкесинде жайгашкан 30 сотых жерди жеке турак жай куруу үчүн С.М. аттуу жаранга сатып жиберген.
УКМК жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылып, териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи.