Убактылуу кармоочу жайда отурган жаран асынып алды

Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин убактылуу кармоочу жайында отурган жаран өзүнө кол салып, каза болду. Бул маалыматты бүгүн, 16-майда райондук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 15-майында саат 19:30 чамасында болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 34 жаштагы киши кийимин колдонуу менен асынып алган.

"Ал жаран буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ага карата бөгөт чарасы катары электрондук көзөмөл каралган болчу. Бирок ушул жылдын апрель айында Ленин райондук соту анын сотко келбей койгонуна байланыштуу бөгөт чарасын камакка алууга өзгөрткөн.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү (уурулук) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, нөөмөт бөлүмүнө жеткирилген", - деп билдирди мекеме.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сырткы кароодо денесинен эч кандай жаракаттар табылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан