Өлкөдө дем алыш күнү туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстандын аймактарында 18-19-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул жөнүндө бүгүн, 16-майда ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
"18-19-май күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болуп, сел каналдарын, арыктарды тазалап, суунун тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзүү керек", - деп эскертти мекеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан