
Кечээ, 15-майда Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 12 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы бүгүн, 16-майда кабарлады.
Милиция билдиргендей, өспүрүмдүн жансыз денеси сууга түшүп кеткен аймактан 600-800 метр ылдый жактан, дамбадан табылды.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-майда Ак-Буура дарыясына болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги айтылып, издөө иштери
башталган. Бүгүн издөөгө жалпы 254 адам тартылды.