Ошто бильярд клубунан 18 жаштагы кыздын денеси табылды

Ош шаарындагы Раззаков көчөсүндө жайгашкан бильярд клубунан 2006-жылы туулган кыздын денеси асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, милицияга бүгүн, 16-майга караган түнү маалымат келип түшкөн. Жерине барган тергөө тобу асынып алган кыз Кара-Суу районунун тургуну экендигин аныкташты.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Милиция бильярд клубу учурда ремонт иштерине байланыштуу жабык экендигин айтып, ага чейин кыз ошол жерде иштегендигин билдирди. Ошондой эле ал жакындарына жашоонун кызыгы жок экендигин да айтып жүргөндүгү кошумчаланды. Ал эми өлүмдүн так себептери тергөөдөн кийин маалым болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан