Бишкекте унаасында эсин жоготкон киши каза тапты (видео)

Бишкекте унаасында эсин жоготкон киши каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 15-майда унаа жуучу жайда болгон. Ошол күнү саат 13:52 чамасында 102 кызматына унаанын ичинде эс-учун жоготкон адам жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери менен "Тез жардам" тобу жөнөтүлгөн. Натыйжада 46 жаштагы жарандын каза болгону тастыкталган. Сырттан кароодо маркумдун денесинен эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

17.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан