Лас-Вегаста атышуу болуп, 2 адам каза тапты

АКШнын Лас-Вегас шаарындагы спорт залда атышуу болуп, эки адам, анын ичинде кылмышка шектүү киши каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кечээ, 16-майда орун алган окуядан дагы төрт адам жаракат алган. Алгач полиция кызматкерлери спорт залдан чуркап чыгып, имараттын алдына куралчан туруп калган кишини байкашкан. Аны кармоо үчүн ок чыгарышкан. Натыйжада ок жеген шектүү ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калган.

Окуя болгон жерде имараттын ичинен ок атылган адамдын сөөгү да табылган. Ошондой эле үч жабырлануучу ооруканага жеткирилсе, алардын биринин абалы оор. Дагы бир жеңил жаракат алган адам ооруканага өз алдынча кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан