Бишкектеги №75 мектеп-лицейинин жанында окуучулардын тынчын алган жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалым болгондой, 15-май күнү кечинде 5-класстын окуучу кыздарын кубалаган киши мектеп күзөтчүлөрү тарабынан кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Кыздар андан мектеп имаратына кире качып кутулушкан. Ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн. Милиция 35 жаштагы киши райондук сотко жеткирилгенин белгиледи.