АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы Тиффани Трамп тун баласы төрөлгөнүн жарыялады.
"Биздин кичинекей балабыз Александр Трамп Булос дүйнөгө кош келдиң. Биз сени чексиз сүйөбүз! Жашообузга киргениң үчүн рахмат! 15.05.2025", - деп жазган ал.
Тиффани Трамп жана анын күйөөсү Майкл Булос 2022-жылы ноябрда баш кошушкан.
Белгилей кетсек, Тиффани Трамп менен Марла Мейплздин ортосундагы жалгыз кыз. Жалпысынан саясатчынын үч аялынан 5 баласы бар. Бул наристе Трамптын 11-небереси болуп калды.