Трамп 1 миллион палестиналыкты Газадан Ливияга көчүрүүнү каалайт

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Газа тилкесиндеги 1 миллион палестиналыкты Ливияга көчүрүү планын иштеп чыгууда. Бул тууралуу NBC өз булактарына таянып жазып чыкты.

Булактар билдиргендей, Вашингтон Ливия палестиналыктарды кабыл алууга макул болсо, анда ал өлкөнүн мурда тоңдурулган активдерин камактан чыгарууну убада кылууда. Азырынча акыркы чечим кабыл алына элек. Анткени бул демилгени ишке ашырууда олуттуу кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Айрыкча, канча газалык Ливияга кетүүгө өз ыктыяры менен макул болот деген суроо ачык бойдон калууда.

Американын администрациясы палестиналыктарды бекер турак жай менен камсыз кылуу, жадакалса жөлөк пулдарды төлөө сыяктуу финансылык стимулдарды берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Ошондой эле палестиналыктар Ливиянын кайсы бөлүгүнө жайгаштырылышы мүмкүн жана аларды көчүрүү так кантип ишке ашары азырынча белгисиз. Мындан тышкары Ливияга дагы бир миллион адамдын келиши ансыз да туруксуз өлкөдөгү чыңалууну күчөтүшү мүмкүн деп белгилейт телеканал.

Белгилей кетсек, Трамп Газанын тургундарын башка араб өлкөлөрүнө көчүрүү сунушун бир нече ирет айткан. Ал аймак жашоого жараксыз болуп калганын, аны кайрадан куруу керектигин айтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан