16-17-май күндөрү Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүндө жаш жоокерлер аскердик ант беришти. Бул тууралуу Улуттук гвардиядан билдирди.
Маалымдагандай, алгач жоокерлер бир ай ичи мамлекеттик укуктук, саптык, ок атуу, атайын тактикалык жана башка күжүрмөн даярдык сабактарын окушуп, аскердик ант алууга даярдык көрүшкөн. Салтанаттуу иш-чараларга Улуттук гвардиянын Кол башчысы гвардиясынын полковниги Талантбек Эргешов, запастагы генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, ошондой эле жаш жоокерлердин жакындары катышышкан.
Иш-чаранын жүрүшүндө гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов жана чакырылган коноктор жаш жоокерлерди ант бериши менен куттуктап, өздүк курамга чың ден соолук жана Ата Мекенге болгон кызматта ийгиликтерди каалап өтүшкөн.
Салтанаттуу иш-чара Ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлеринин саптык даярдык машыгуу, куралдуу кылмышкерлерди кармоо боюнча тактикалык эпизоддор жана куралсыз кол уруш ыкмалар көрсөтмө көнүгүүсү менен улантылып, жаш жоокерлердин өздөрүнүн жакындары менен сүрөткө түшүүсү менен аяктаган.