Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-майда өлкө башчы Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясынан билдирди.

Анда Жапаров Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана Казакстан элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалаган.

Ошондой эле сүйлөшүүдө мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даярдыктарын ырастап, эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча өз ара кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан