Ирак Газа тилкесин жана Ливанды калыбына келтирүү үчүн 40 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Ирактын премьер-министри Мухаммед ал-Судани Багдадда Араб лигасынын саммитинде билдирди.
"Биз арабдардын биргелешкен ишин активдештирүү боюнча 18 демилгени жарыялап жатабыз. Ирак Газаны калыбына келтирүүгө 20 миллион доллар жана Ливанды калыбына келтирүүгө 20 миллион доллар бөлөт", - деп келтирет анын сөзүн чет элдик басылмалар.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-майда Багдадда Араб Лигасынын 34-саммити өтүүдө. Бул уюмдун быйылкы жылдагы экинчи саммити. Биринчиси, 4-мартта Египеттин борбору Каирде өткөн.